Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

"Гринпистин" активисттерине кылмыш иши козголушу ыктымал


Орус бийликтери “Гринпис” уюмунун активисттерине каршы кылмыш иши козголушу мүмкүн деп маалымдады.

Федералдык коопсуздук кызматы билдиргенине караганда, уюмдун кемесин Мурманск портуна сүйрөп кетишти. Бортто 27 киши, анын ичинде орусиялык 4 жаран бар болчу. Деңиздеги каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголсо, алар 15 жылга чейин кесилиши ыктымал.

“Гринпис” жээкти кайтарган куралчан чек арачылардын Arctic Sunrise кемесине карата мыйзамсыз аракет көрүшкөнүнүн, бул - эл аралык мыйзамдарга каршы келээрин билдирди.

19-сентябрда кемеге орусиялык чек арачылар тик учактан түшүп, андагы активисттерди кармашкан. Экологдор “Газпромдун” Арктикада мунай өндүрүү иштерин жүргүзүшүнө каршы акция өткөрүп жатышкан.

XS
SM
MD
LG