Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

Пакистан антитеррордук мыйзамды күчөтүүнү көздөөдө


Пакистандын өкмөтү антитеррордук мыйзамга өзгөртүүлөрдү жактырды. Эми коопсуздук кзыматтарына терроризм үчүн шектелген адамды соттун уруксатысыз 90 күн кармоо укугу берилмекчи. Ошондой эле терроризмге байланышкан иштерди карай турган атайын соттор түзүлөт. Алар бир айдын ичинде чечим чыгара алат.

Өзгөртүүлөр өлкөдө көбөйүп жаткан зордук-зомбулукка каршы эффективдүү күрөшүүнү көздөйт. Жаңы жободо күбөлөрдү жана терроризм иштерин карап жаткан прокурорлорду коргоо чараларын күчөтүү да каралган.

Пакистандын Конституциясына ылайык, алымча-кошумчаларды эми парламент талкуулоого тийиш. 2010-жылы мурдагы өкмөттүн ушундай эле сунушу депутаттардын колдоосун тапкан эмес.

XS
SM
MD
LG