“Азаттыктын” телекомандасы тарткан “Мен баратам Корейге” аттуу тасма Бишкекте өтүп жаткан адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалында бүгүн калыстардын жана көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.
Тасма Түштүк Кореядагы корей жигиттерине баш кошкон кыргызстандык кыздардын жана ал жакта иштеген мекендеш мигранттардын жашоосун баяндайт.
"Тасма көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, бет ачардын аягында кызыктуу суроолор берилди", - деп билдирди фильмдин авторлорунун бири Элиза Кененбаева.
“Мен баратам Корейге” даректүү тасмасы былтыр күзүндө тартылган. Бул - “Азаттыктын” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалында көрсөтүлгөн экинчи тасма. Былтыркы фестивалга “Азаттыктын” кабарчылары Аида Касымалиева менен Мирлан Токталиевдин “Москвада калган ый” деген даректүү тасмасы катышып, байгелүү орунга ээ болгон. (ZKo)