Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Тажикстанда террористтер тобу кармалды


Тажикстандын Ички иштер министрлиги баш калаада теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен террористтер тобу кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы ишембиде тараткан маалыматка ылайык, кармалган алты киши азыр абакта отурат.

Орусиялык Интерфакс жана ИТАР-ТАСС агенттиктери Тажикстандын коопсуздук органдарындагы булактарга таянып кабарлашкандай, топтун жетекчиси Аламурод Маханов аттуу киши Пакистанда террористтердин лагеринде машыккан. Алар 6-ноябрдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында кол салууларды уюштурууну көздөшкөн деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG