Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Ооган армиясынын кийимин кийген адам 3 аскерди атып кетти


Ооганстандын чыгышында жергиликтүү армиянын униформасын кийген адам Эл аралык коалициянын 3 жоокерин атып кетти. Бейпилдик күчтөрү бул маалыматты Твиттерде тастыктап, бирок окуя кайсы жерде жана качан болгонун, курман болгондордун улутун тактаган жок.

Униформаны кийген адамдардын чет өлкөлүк аскерлерге кол салуулары мурда да болуп келген. Ошондой эле ооган армиясынын аскерлери чет өлкөлүк кесиптештерине ок ачкан учурлар да аз эмес.

Соңку окуяны коалиция менен Ооганстандын расмий өкүлдөрү иликтешүүдө.

XS
SM
MD
LG