Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

“Бир дүйнө –Кыргызстан” кинофестивалы уланып жатат


Бишкекте өтүп жаткан адам укугу боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө –Кыргызстан” кинофестивалы бүгүн көрүүчүлөргө бир нече даректүү тасманы тартуулоодо. Анда Кыргызстандык режиссер Геннадий Базаровдун “Ушундай жарандар”, Казакстандык режиссер Рубэн Казаряндын “Иштеген коноктор”, Германиялык кинотартуучу Даниэлла Огостининин “Карагайчылардын иши” даректүү тасмалары, ошондой эле Белгиялык режиссер Браян Картердин “Дублин капканы” аттуу даректүү фильмдери көрүүчүлөрдүн назарына, калыстардын сынына коюлат.
Мындан тышкары бүгүн кинофестивалдын алкагында Кыргызстандык “705” тобу тарабынан даярдалган “Байкалбаган адамдар” аттуу анимациялык тасманын бет ачары болот. Анда Кыргызстандагы ички жана сырткы маселеси көрсөтүлөт. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча фестивалдын тарыхында биринчи жолу Кыргызстандык режиссерлордон анимациялык тасма “Бир дүйнө –Кыргызстан” кинофестивалына катышып жатат.
Адам укугу боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө –Кыргызстан” кинофестивалы Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өтүп жатат. Фестивал 18-сентябрдан 24-сентябрга чейин болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG