Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Акун ачкачылыкты улантууда


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ачкачылык акциясын улантууда. Саламаттыгы орто. Бул тууралуу өзү “Азаттыкка” билдирди. Нааразылык акциясын Акыйкатчы институтундагы иш бөлмөсүндө өткөрүп жатат.

Турсунбек Акун өзүнүн акыйкатчы кызматынан мыйзамсыз бошотулганын айтып, 16-сентябрдан бери ачкачылык кармоодо.

20-сентябрда Бишкек шаардык сот Акундун арызын карап, канааттандырган эмес. Акун Жогорку Кеңештин өзүн акыйкатчылыктан бошотуу боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган болчу. Буга чейин Бишкектин райондор аралык соту Турсунбек Акундун арызын кароодон баш тарткан. Эми ал Конституциялык палатага кайрылаарын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG