Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:38

Токмоктогу ачкачылык акциясы токтоду


Токмокто жети күндөн бери ачкачылык жарыялап отурган беш жигит бүгүн Жогорку Кеңеш депутаты Дамира Ниязалиева барып алар менен жолуккандан соң нааразылык акциясын токтотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучусу Жеңиш Молдомактов билдирди.

Дамира Ниязалиева акция катышуучулары жардамга муктаж деп атаган Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүнө спикердин фондунан 100 миң сом акчалай жардам алып барган. Каражат маркумдун апасына берилди.

16-сентябрь күнү ачкачылыкты баштагандар апрель окуясында ок тийип, бир топ убакыттан соң каза болгон Токмоктун тургуну Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүн тиешелүү камкордукка алууну талап кылышкан. Бардыгы "Кыргызстан жаштар кеңеши" уюмунун мүчөлөрү. Алар ачкачылыкты маркумдун үйүндө өткөрүшүп, Султановдун жакындарына бир миллион сом жана Бишкектен батир берүүнү сурап жаткан болчу. Өкмөттөн 2011-жылы Султановго Токмоктон эки бөлмөлүү батир жана 150 миң сомдой акчалай жардам берилгени маалымдалган.

23-сентябрь күнү акция катышуучулары парламенттин спикери жана саламаттыкты сактоо министри менен жолугушат жана талаптары тууралуу айтышат. Депутат Ниязалиева “Азаттыкка” билдиргендей, ачкачылыкка чыккандардын койгон талаптары мыйзамдын негизинде каралышы керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG