Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Бакуда оппозициянын акциясы өттү


Азербайжандын оппозициялык коалициясы президенттик шайлоону утурлай Бакуда акция өткөрдү. Кабарчылардын маалыматтарына ылайык, баш калаадагы "Ясамал" стадионуна Демократиялык күчтөрдүн Улуттук кеңешинин 2 миңдей колдоочусу чогулду. Азербайжан Элдик майданы партиясынын лидери Али Керимли 9-октябрдагы шайлоону “Ата Мекен, келечек, балдар жана бүтүндөй улут үчүн” күрөш катары сыпаттады.

Оппозициянын бирдиктүү талапкери Жамил Хасанлы азыркы президент Илхам Алиевге атаандаш болуп чыкмакчы. Буга чейин оппозиция белгилүү киносценарист, жазуучу Рустам Ибрагимбековду көргөзгөн. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын кош жарандуулугун жүйөө кармап, каттабай койгон.

XS
SM
MD
LG