Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Кыргызстан БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына катышат


Улуттар уюмунун 68-сессиясына катышуу үчүн башында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев турган кыргызстандык делегация Нью-Йоркко 24-сентябрда барат.

Министр БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун, Улуттар уюмунун азык-түлүк программасынын, курулуш башкармалыгынын башчылары менен жолугат. Эрлан Абдылдаев андан тышкары Азиядагы кызматташтык боюнча Диалог, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы, Ислам жыйыны, Ислам кызматташтыгы уюмдары сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин башчысы Данияр Мукашев журналисттерге маалымдады. Анын айтуусунда КР Тышкы иштер министри Башкы ассамблеяда Миң жылдык өнүгүүнүн максаттары алкагында Кыргызстанда жасалган иштер тууралуу маалымат берет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG