Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Жол кырсыктарынан эки адам мерт кетти


Кечээ Кыргызстандын аймагында эки жол кырсыгында эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун бүгүн билдиргенине караганда,  Бишкек - Ош унаа жолунун 222-чакырымында жеңил машинанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бетонду барып сүзгөн. Машинанын ичиндеги эки адам жеңил жараат алып, бир адам каза тапкан. Ал Кара-Кулжа районунун тургуну, 41 жаштагы К.Орунбаева экени аныкталды.

Ал эми Нарындын Кочкор районуна караштуу Шопур-Булак айылындагы унаа кырсыкта айдоочу, Ысык-Көл облусунун 42 жаштагы тургуну К.Касымов мерт кетти. (RK)

 

XS
SM
MD
LG