Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

"Эйр Манас" Орусияга жаңы каттамдарды ачат


“Эйр Манас” авиакомпаниясынын президенти Илгар Алптекин билдиргендей, Орусиянын шаарларынан тышкары авиакомпания ылайыктуу учак тапкандан кийин Бишкектен Баткенге жана Исфанага (Лейлек району) да аба каттамдарын ачат

Борбор Азия авиация маалымат порталы кабарлагандай, “Эйр Манас” Түркиянын “Пегасус” авиакомпаниясынын Боинг–737-800 учагын сатып алды. Самолёт 25-ноябрдан тарта Кыргызстандын желеги менен уча баштайт. Аталган авиакомпания март айынан тарта Бишкектен Стамбулдун Сабиха Гөкчен атындагы аэропортуна күн сайын каттай баштаган.

Бишкек – Баткен жана Бишкек – Исфана рейстери Кыргызстандагы кирешелүү ички каттамдар болуп эсептелет. (BAz)

XS
SM
MD
LG