Өспүрүмдөр арасында таратуу үчүн басылып чыккан сексуалдык мамилелер тууралуу китепче нааразылык жаратууда. Бүгүн "Эркин эл", "Амал", "Мурас", "Столица" партиялары жана "Дин, укук жана саясат" коомдук фонду өлкө жетекчилигине, прокуратурага жана УКМКга кайрылуу жолдоп, бул китепчелерге тыюу салууну талап кылды. Ошондой эле Коргоо кеңешинин жакынкы жыйынына руханий жана маалымат коопсуздугу боюнча маселени алып чыгууну сунуштады.
Китеп серия түрүндө, сегиз ар башка темада чыккан. Эркек, аялдын физиологиялык өзгөчөлүгү, жыныстык жугуштуу оорулардан сактануу, СПИД жана башка темаларга арналган бул китепчелердин 4-сү сексуалдык мамилелерге арналган. Кайрылуунун авторлорунун пикиринде, анда өспүрүмдөрдү никесиз жыныстык байланышка үндөгөн жашыруун агитация камтылган. Муфтият жана орус чиркөөсү да бул китепчеге каршы чыкты.
Китепчеде автору, нускасы, басып чыгарган типографиясы тууралуу маалымат жок. "Альянс", European Network, "Жаштарга дос клиника" жана германиялык GIZ уюмунун логотиптери гана тартылган. Азырынча аталган уюмдардан жогорудагы кайрылуу боюнча комментарий боло элек. (ZB/RK)