Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Германия: Меркел үчүнчү ирет канцлер болду


Меркелдин Христиан-демократиялык биримдиги шайлоочулардын 41,5% добушуна ээ болду. Бирок Меркелдин партиясына өнөктөш Эркин демократиялык партия 5 пайыздык босогодон өтө алган жок, эми Христиан-демократиялык биримдик башка коалиция түзүүнү караштырууга аргасыз.

Айрым социологдор Меркел өзүнүн атаандашы, шайлоодо 25,7% добушка ээ болгон Социал-демократтар партиясы менен коалиция түзүүгө аракет кыларын, бул үчүн бир нече жума сүйлөшүүлөр зарылдыгын айтышууда. Шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң, Меркел өз шайлоочуларына кайрылып, мындай деди:

«Менин айтаарым, бактылуу болгула. Бакыт силерге жакшы жашоону түптөөгө дем берет. Бизде көп жоопкерчилик бар, алардын баарын башкара алабыз. Рахмат жана баарыңарга жакшылык каалайм!», – деди Меркел.

Шайлоого катталган 62 миллион жарандардын 72 пайызы добуш берди.
Ангела Меркел Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин үчүнчү мөөнөткө шайланган үчүнчү канцлер. Буга чейин Конрад Аденауэр жана Гельмут Кол үч ирет канцлер болгон.

Акыркы төрт жылда Меркелдин коалициясында болгон Либерал-демократтар 1949-жылдан бери алгачкы ирет немис Бундестагына өткөн жок. Партиянын жетекчилери, учурда Германиянын өкмөтүнүн мүчөлөрү Райнер Брүдерле жана Филипп Рөслер отставкага кетерин билдиришти.

Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү – бир жарым жыл мурда түптөлгөн "Германия үчүн альтернатива" партиясынын 4,8% добуш алганы болду. Аты аталган партия Германияга немис маркасын кайра киргизүү демилгеси менен таанымал. Солчулдар жана Жашылдар партиялары 2009-жылдан бери алгачкы жолу жоготууларга учурады.

XS
SM
MD
LG