Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Кения: Найробиде атышуу кайра уланды


Кениянын куралдуу күчтөрү барымтадагылардын көпчүлүгү бошотулганын жана аскерлер Уэстгейт соода борборунун көпчүлүк бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Террорчулар ишемби 21-сентябрь күнү кол салгандан бери ал жерде эң азы 69 киши өлүп, 170тен ашык адам жарадар болгону кабарланууда. Азырынча барымтадан бошотулгандардын жана кармалып тургандардын так саны тууралуу маалымат айтыла элек.

Окуя башталган ишембиден бери миңден ашуун адам аман-эсен куткарылды. Бириккен улуттар уюмунун генералдык катчысы Пан Ги Мун Кениянын борбор калаасы Найробидеги террордук чабуулду катуу сынга алды. Набыт болгондордун үчөө британ жарандары жана буга байланыштуу премьер-министр Девид Кэмерон чабуулду “коркоктордун иши” деп сыпаттады.

Ал эми Кениянын президенти Ухуру Кениата:

“Мен ачык айтып коёюн, биз кылмышкерлерди алар каякка качса да, кармайбыз. Биз аларды табабыз жана жазалайбыз”, – деди Кениата.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “ал-Шабааб” экстремисттик уюму өзүнө алды. Алар кениялык контингенттин кошуна Сомалидеги бейпилдик миссиясына катышуусуна каршы болушууда.

XS
SM
MD
LG