Шаардагы борбордук Манас көчөсү менен Чокморов көчөсүнүн кесилишине жакын жерге тургузулуп жаткан 9 кабаттуу үй өрттөнүп жатат.
Шаардык өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, өрт тууралуу маалымат кечки алтылар чамасында түшкөн. Азыр өрттү өчүрүү аракеттери көрүлүүдө. Алдына ала берилген маалыматтар боюнча, өрттөн жабыркагандар жок. Ушул тапта үйдүн 9-кабатынын бир ныптасы өрттөнүп жатат.
Өткөн жума күнү Бишкектеги Москва жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан тогуз кабаттуу үйдөн да өрт чыгып, 480 чарчы метр жер күйүп кеткен.(ZKo)