Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 06:01

Египетте сот "Мусулман агайындарга" тыюу салды


Египеттеги сот "Мусулман агайындарга" тыюу салып, алардын мүлкүн кофискациялоого буйрук берди. Сот Мохаммед ал-Сайед кыймылдын бүт ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Сот чечими исламчыл деп эсептелген мурдагы президент Мухаммад Мурсинин тарапкерлери мамлекет тарабынан кысымга алынган убакытка туш келди.

Тыюу "Мусулман агайындардын" бүт кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө бөгөт коёт. Бул кыймыл 85 жыл мыйзамсыз деп эсептелген жана 2011-жылы мурдагы президент Хосни Мубарак бийликтен түшкөндөн кийин гана ачык иштөөгө укук алган.

XS
SM
MD
LG