Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:53

Айдаркенде ок жаңылган өзбек жаранынын абалы жакшы


21-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жийде-Арык аймагында чек араны өзбекстандык үч аял мыйзамсыз бузуп өткөн. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча аларга Айдаркен чек ара бекетинин аскерлери бир нече жолу эскерткенине кулак салышкан эмес, тескерисинче Кыргызстандын аймагына ансайын тереңдеп кирип келишкен. Мындан улам чек арачылар ок чыгарууга аргасыз болушкан деп маалымдайт Чек ара кызматы. Натыйжада аялдардын бири бутунан жаракат калган. Учурда ал Кадамжай райондук ооруканасында, абалы канааттандырарлык.

Бул факт боюнча Баткен гарнизонун аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG