Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:41

Найробидеги соода борбору аскерлердин колуна өттү


Бул тууралуу Кениянын ички иштер министрлиги Твиттер аркылуу кабарлады. Анда “Вестгейт” соода борборунда барымтага алынгандардын бардыгы бошотулду, учурда аскерлер калып калгандарды издеп, кабаттарды текшерип жүрүшөт деп айтылган.

Соода борборуна өткөн ишемби күнү “ал-Шабааб” тобу кол салып, 62 кишини өлтүргөн. 175 адам жаракат алган. Өлгөндөрдүн жана жарадарлардын арасында Канада, Франция, Британия, Түштүк Африка жана Нидерландынын жарандары болгону айтылууда.

АКШ президенти Барак Обама окуяны “коркунучтуу кылмыш” деп атады:

- Кения элине биз мындай өтө жаман, коркунучтуу кылмыштарга каршы бирге турарыбызды билдирем. Биз аларга ар тараптуу жардам беребиз. Кения Чыгыш Африкада туруктуулуктун түндүгү экенин кайра көрсөтөрүнө ишенем.

XS
SM
MD
LG