Турсунбек Акундун 20дай тарапкери ушу тапта Жогорку Кеңеш алдында нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар Батукаевге байланыштуу Акундун гана кызматтан алынышын адилетсиздик деп атап, бул окуяга тиешеси бар парламент жана өкмөт өкүлдөрүнүн да кетишин талап кылып жатат. Акундун тарапкерлери мурдагы күнү акыйкатчы кеңсесинин алдына боз үй тигип, нааразылык акциясын өткөрүүгө аракет жасаган. Бирок милиция ага жол бербей койгон.
"Мыйзамдагы ууру" делген Азиз Батукаев быйыл жазында түрмөдөн эртелей бошонуп чыгып кеткен. Буга тиешеси бар деген себеп менен парламент Турсунбек Акунду июн айында кызматтан алып койгон болчу. Акун Жогорку Кеңешти сокто берген. Соттук териштирүү аяктай элек. (RK)