Алматыда "Евразия" эл аралык кинофестивалынын алкагында Кыргыз киносунун жумалыгы өттү. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 16-20-сентябр күндөрү өткөн иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналып уюштурулду. Алматы шаарынын кинотеатрларында Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлдү. Ошондой эле казак көрармандардын назарына соңку жылдары кыргыз кинорежиссерлору тарткан "До+Фа", "Салам, Нью-Йорк" саяктуу белгилүү кинолор тартууланды. (RK)