Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы Pussy Riot панк-тобунун камактагы мүчөсү Надежда Толоконникованын айып изоляторуна которулганын төгүндөдү.
Толоконникова кечээ колониянын администрациясынан аны өлтүрүү боюнча коркутуу болгонун, колониядагы шарт катаал экенин билдирип, мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. Жаза аткаруу кызматында Толоконникованын билдирүүсүн шантаж деп сыпатташып, бирок Мордовиянын тергөө комитети анын арызын териштире баштаган.
Жаза аткаруу кызматында Толоконникова “коопсуз жайга” которулганын тастыкташты, бирок ал жер - айып изолятору эмес.
Толоконникованын айып изоляторуна которулушун Мордовиянын Коомдук байкоочу комиссиясынын төрагасы Геннадий Морозов жарыялаган.