Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

СПИДге каршы жаңы программа башталды


Кыргызстанда СПИДге каршы жаңы программа ишке ашырыла баштады. Ал аркылуу эпидемиологиялык көзөмөл системасы жакшыртылмакчы. Каражатты БУУнун UNAIDS программасы бөлөт. Былтыр Орусия өкмөтү бул уюмга 16,5 миллион доллар берүү тууралуу чечим кабыл алынган. Бул акча 2013-2015-жылдары Армения, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда СПИДге каршы иштерди жакшыртууга жумшалат.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда ВИЧти (адамдын иммундук дефицит вирусу) жуктуруп алгандардын саны 5 миңге чамалап калды. Алардын 580инде СПИД бар экени аныкталган. Миңден ашуун киши бул илдеттен каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG