Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

“Азаттыктын” тасмасы сыйлыкка татыды


Бишкекте өтүп жаткан “Бир дүйнө - Кыргызстан” эл аралык кинофестивалында “Азаттыктын” кабарчылары Элиза Кененбаева жана Жанарбек Жолдошбаев тарткан “Мен баратам Корейге” тасмасы сыйлыкка татыды. Бул тасма Адам укуктары кеңешинин “Адам укугу боюнча эң мыкты тасма” жана Прогрессивдүү демилгелер фондунун “Өзгөчө көз караш” сыйлыктарына ээ болду. Тасма Түштүк Кореядагы корей жигиттерине баш кошкон кыргызстандык кыздардын жана ал жакта иштеген мекендеш мигранттардын жашоосун баяндайт.

“Мен баратам Корейге” даректүү тасмасы былтыр күзүндө тартылган. Бул - “Азаттыктын” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалында көрсөтүлгөн экинчи тасма. Былтыркы фестивалга “Азаттыктын” кабарчылары Аида Касымалиева менен Мирлан Токталиевдин “Москвада калган ый” деген даректүү тасмасы катышып, байгелүү орунга ээ болгон.

Адам укугу боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалы 18-сентябрда башталган. Бүгүн жыйынтыгы чыгарылууда. (EzK\BkA)

XS
SM
MD
LG