Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясы ишин баштады


Башкы ассамблеянын 68-сессиясын БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун ачты. Бүгүнкү отурумда АКШ президенти Барак Обама жана Ирандын президенти Хасан Роухани да сөз сүйлөгөн жатышат. Ушул мүнөттөрдө Обама Башкы ассамблеядагы кайрылуусун баштады.

Обама сөзүндө Тегерандагы жаңы өкмөткө алар АКШ жана Батыш талап кылып келгендей өзөктүк курал программасы боюнча чегинүүлөргө барса, карым -катнашка даярдыгын ишара кылары, ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Сирия боюнча резолюцияны бекитип берүүгө үндөйт деп күтүлүүдө.

Коопсуздук кеңешине сунуш кылынуучу резолюцияга ылайык, Сирия эгер химиялык куралды жок кылуу боюнча шарттарды аткарбаса, Дамаскка мунун кесепеттери болору эскертилет.

Иран президенти Роухани Башкы ассамблеяда түштөн кийин сүйлөйт. Талдоочулар Обама жана Роухани жолугуп калышы мүмкүндүгүн да айтышууда.

Эки өлкөнүн лидерлери акыркы 30 жылдан бери көзмө-көз кездеше элек. (AIK)

XS
SM
MD
LG