Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Обама: Сирияда химиялык курал жок кылынышына жетишүү зарыл


Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясында cүйлөгөн кезинде АКШ президенти Барак Обама дүйнө лидерлери жана эл аралык коомчулук Сирияда химиялык куралга салынган тыюу кандай сакталып жатканын көзөмөлгө алуусу керектигин айтты.

Обаманын пикиринде, бул өлкөдө химиялык курал колдонулуусуна карата дүйнө коомчулугунун реакциясы абдан солгун болду.

Барак Обама Сириянын президенти Башар Асаддын режими 21-августта Дамасктын жанында химиялык курал колдонгону боюнча далилдер “үстөмдүк кыларын" кошумчалады.

Ал ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын өкмөтү АКШ-Орусия планына ылайык химиялык куралды жок кылуу боюнча шарттарды кармануусун камсыздоо үчүн катаал резолюция кабыл алуусу зарылдыгын белгиледи.

Обамага чейин БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Башкы ассамблеядагы сөзүндө Сирияда химиялык куралды жок кылуу боюнча аткарууга милдеттүү резолюцияны кабыл алууга үндөгөн. (AIK)

XS
SM
MD
LG