Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

АКШ менен Ирандын лидерлери ишенимдин жандануусун колдошту


Ирандын өзөктүк программасынан улам туңгуюкка кабылган мамилелерди сүйлөшүүлөр аркылуу жакшыртууну эки мамлекет башчы тең колдошту. АКШ президенти Ирандын жаңы жетекчилиги менен бул өлкөнүн өзөктүк программасына байланышкан талашты чечүү үчүн дипломатиялык багытта иштешип көрүү керек деп эсептейт. Барак Обама бул тууралуу кечээ кечинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясында сүйлөгөн учурунда билдирди:

-Тоскоолдуктар абдан эле чоң болушу мүмкүн. Бирок мен дипломатиялык багыт сыналып көрүшү керек деген бекем ишенимдемин. Азыркы абал Ирандын изоляциялануусун тереңдетип жаткан учурда, анын бөлөк жолго түшкөнү боюнча нукура милдеттенмеси аймак үчүн, дүйнө үчүн жакшы болот. Ошондой эле Ирандын калкынын соода, маданият, илим, билимдеги эбегейсиз потенциалын канааттандырууга көмөктөшөт. Иран өзөктүк курал жасоосуна жол бербөөгө чечкиндүү экендигибизге карабай, Америка Ирандын өзөктүк программасына байланышкан биздин камтамачылыкты тынч жол менен чечүүгө артыкчылык берет.

Ирандын президенти Хасан Роухани БУУ Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Иран аймактагы коркунучтун өлкөсү эместигин айтып, тескерисинче Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү туруктуулуктун кепилдиги деп белгиледи. Ошондой эле ал Иран эки тараптуу ишенимди жаратуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирип, Ирандын коопсуздук жана коргоо саясатында өзөктүк куралга орун жок деп айтты:

- Ирандын жана башка бардык мамлекеттердин өзөктүк программасы тынч максатта гана болууга тийиш. Өзөктүк жана башка массалык кыргын алып келүүчү куралдарга Ирандын коргоо доктринасында орун жок жана бул биздин диний жана этикалык ишенимибизге каршы.

Роухани Иранга өзөктүк программасы үчүн киргизилген санкциялар карапайым элдин турмушуна терс таасирин тийгизип жатканын айтып кетти.

Мурдараак Обама менен Роухани ассамблея жыйынынын алкагында жолугушары кабарланган. Бирок Акүйдөн маалымдашкандай, жолугушуу болбой турган болду.

XS
SM
MD
LG