Найробидеги соода борборунда терактта каза болгондорду жоктоп аза күтүү шаршембиден жумага чейин созулат. Бул тууралуу Кениянын президенти ТВ аркылуу чыгып сүйлөгөндө билдирип, “Вестгейт” соода борборундагы террордук кол салуудан 61 жайкын тургун жана 6 аскер набыт болгонун айтты. Кылмышкерлердин 5и өлтүрүлүп, 11и кармалган.
Өткөн ишемби күнү Кениянын борбору Найробидеги ири соода борборуна террорчулар чабуул коюп, андагы адамдарды барымтага алышкан. Теракт үчүн “ал-Каида” менен байланышы бар “ал-Шабааб” террордук тобу жоопкерчилик алып, бул кениялык аскерлердин Сомалиде операция жүргүзүүсүнө каршылык деп билдирген.