Таласта бүгүн "Билим кербени" акциясы башталды. Иш-чараны "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду UNICEF менен биргеликте уюштурууда. Атайын даярдыктан өткөн тренерлер жергиликтүү аким, доктур, мугалим жана бала бакча жетекчилери менен жолугуп, алты жаштагы балдарды мектепке даярдоо, тамга таануусуна шарт түзүү сыяктуу маселелерди талкуулашат. Буга чейин мындай акция Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Баткен облустарында өткөрүлгөн болчу. Экс-президент Роза Отунбаева өлкө жетекчилигинен кеткенден кийин коомдук эл аралык фонд ачкан болчу.(RK)