Бүгүн Бишкекте Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин атайын кызматтары өткөргөн "Ала-Тоо - Антитеррор-2013" машыгуусунун жыйынтыгы чыгарылууда. Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашкандай, жыйында каралчу негизги маселелердин катарында бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү да бар. КМШнын Антитеррордук борбору 2001-жылы түзүлгөн. Анын максаты - террорчулукка каршы биргелешкен күрөштү уюштуруу. Быйылкы машыгуулар Кант шаарындагы орусиялык авиабазада, Коргоо министрлигинин полигонунда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин машыгуу борборлорунда өттү. (RK)