Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан эмерек цехтеринин биринде бүгүн түшкө маал жарылуу болуп, эки адамдын өмүрү кыйылды. Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун болжолдуу маалыматы боюнча РГД-1 гранатасы жарылган. Окуянын чоо-жайы азырынча тактала элек. Тергөө башталды. Учурда окуя болгон жер тосулуп турат. Күч түзүмдөрү иштеп жатышат. (MiT/RK)