Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Бишкектеги жардырууга акча маселеси себеп болгон шекилдүү


Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү жеке менчик эмерек цехтеги жардырууга акча маселеси себеп болгон шекилдүү. Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун "Азаттыкка" айтымында, бүгүн эртең мененки саат 10дон өткөндө "Платонов" кичи ишканасында, алдын ала маалымат боюнча, Ф-1 гранатасы жарылган.

- Алдын ала маалымат боюнча, жумушчу менен башкы бухгалтердин ортосунда чечилбеген финансылык чыр-чатактар бар экени учурда такталууда. Жумушчу башкы бухгалтердин иш бөлмөсүнө кирип баргандан кийин бир нече секундда жардыруу болгон. Жардыруудан жумушчу-бригадир жана башкы бухгалтер мерт кеткен, - деди Сейитов.

Окуяны Бишкектин Ленин райондук милициясы тергей баштады. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG