Бишкектеги эмерек цехиндеги жардыруудан мерт кеткендердин тек жайы такталды. Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун "Азаттыкка" айтымында, алар уста Пригожин жана башкы бухгалтер Щетинина.
Бүгүн Лев Толстой №210 дарегинде жайгашкан эмерек чыгарган "Платонов" кичи ишканасында жардыруу болду. Милициянын божомолунда, бригадир менен башкы бухгалтердин ортосунда чечилбеген финансылык маселе болгон шекилдүү. Алдын ала маалымат боюнча, жардыруу Ф-1 гранатасын башкы бухгалтердин иш бөлмөсүнө бригадир алып киргенден бир нече секунддан кийин болгон. (MiT/RK)