“Гринпис” уюмунун кемесинде бараткан эколог-активисттерди Мурманск шаарынын убактылуу кармоочу жайларына жайгаштырышты. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо эл аралык уюмунун өкүлдөрү маалымдашты.
Орусиянын тергөө комитети деңиздеги каракчылык (пираттык) беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Президент Владимир Путин болсо, “Гринпистин” активисттери “пираттар эмес, алар эл аралык мыйзамдарды бузушту" деп билдирди.
Өткөн аптада уюм мүчөлөрү “Газпром” ишканасынын Арктикада мунай өндүрүшүнө каршылыгын билдирип, акция өткөрүшкөн. Алардын "Арктик Санрайз" кемесине орусиялык чек арачылар тик учактардан түшүп, кемени Мурманск портуна сүйрөтүп кетишкен. Бортто 25 киши, анын ичинде Орусиянын 4 жараны бар болчу. "Эмнести Интернешнл" уюму экологдорго тагылган айыптар негизсиз деп санайт.