Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:59

Кенияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды


Кениянын куралдуу күчтөрү Найробидеги соода борборундагы кеңселерди бир бирден тинтишүүдө.

Westgate Mall деген борборго 4 күн мурун исламчыл согушкерлер жапырык жасашкан. Президент Ухуру Кениятта жоочулар жеңилгенин билдирди. Анын айтымында, кол салуудан 61 карапайым киши, 6 коопсуздук кызматкери жана 5 экстремист каза тапты.

Кениянын Кызыл Чырым уюмунун маалыматына караганда, 63 кишинин дайыны белгисиз. Бүгүн өлкөдө 3 күндүк аза күтүү башталды. Өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн. Чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган “ал-Шабааб” согушкер тобу барымтадагы 137 киши өлтүрүлгөнүн, Кения күчтөрү борборду бошотуу үчүн химиялык зат колдонгонун Твиттерге жазды.

 

XS
SM
MD
LG