Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Азербайжан БШКсы "Азаттыкка" нааразы


"Эркин Европа/Азаттык" радиосу, "Америка добушу" жана Би-Би-Си Азербайжандагы президенттик шайлоо өнөктүгүн “үгүт түрүндө” чагылдырып жатышат. Мындай билдирүүнү Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат каражаттары боюнча өкүлү жасады. Азер Тагиевдин айтымында, бул чет өлкөлүк 3 маалымат каражаттары добуш берүүчүлөргө таасир этүүгө аракеттенип, шайлоо мыйзамдарын бузушууда.

Бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясы кечээ БШКга кат жолдоп, жогоруда айтылган маалымат каражаттарына арызданган. "Азаттыктын" азери кызматынын жетекчиси "радио шайлоо кампаниясын “бейтараптуу, калыс” чагылдырууда, бийлик партиясы “көз карандысыз прессаны коркутуу үчүн классикалык ыкмаларды колдонуп жатат”, - деп комментариялады.

XS
SM
MD
LG