Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Сатыбалдиев Бажы биримдигинин фондун түзүүнү сунуштады


Мындай сунушун кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Астанада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында айтты. Анын сөзү боюнча мындай фонд Бажы биримдигине кирүүнү каалаган мамлекеттерди колдоо үчүн зарыл. КР премьер-министри өз сөзүндө Бишкек Бажы биримдигине кирүүгө даяр экенин кайталады.

Бажы биримдигине мүчө: Беларус, Казакстан, Орусиянын премьер-министрлери катышкан жыйынга Кыргызстан менен Украинанын өкмөт башчылары да катышты. Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов муну Украина менен Кыргызстандын Евразиялык интеграциялык жараянга катышарын бекемдеди деп баалады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG