Бишкекте бүгүн КМШ мамлекеттеринин баш прокурорлорунун жыйыны өтүүдө. Күн тартибинде 16 маселе бар. Баш прокурорлор террорчулукка, уюшма кылмыштуулукка, адам сатууга, маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы биргелешип күрөшүүнү талкуулап жатат. Жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Түштөн кийин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн баш прокурорлорунун өзүнчө жыйыны өтөт. (BkA/RK)