Коомдук тамактануу жайлардын санитардык абалын эскертүүсүз текшерүүгө уруксат берүү керек. Мындай пикирин бүгүн парламентте депутат Талант Узакбаев билдирди.
- Санитардык-эпидемиология кызматкерлери алардын акчасын, салык төлөп-төлөбөгөнүн текшербейт. Болгону санитардык абалын гана карап кетет. Кафе-ресторандардын азыркы абалы элдин ден соолугу үчүн өтө кооптуу болууда, - деди депутат.
Депутат Узакбаев мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, санитардык абалды текшерүү эскертүүсүз жүргүзүлүшүнө уруксат берүү керек деп эсептейт.
Азыркы мыйзам боюнча коомдук тамактануу жайлардын тазалыгын текшерүү үчүн Экономика министрлигинен уруксат алып, бара турганын 10 күн мурда эскертүү керек деген талап бар. Жакында "Енисей" кафесине тойго барган 60тай киши тамактан ууланып, ооруканага түшүп калган болчу. Мындай окуялар соңку кезде көп боло баштады. (RK)