Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Төрөттөн каза тапкандар көп болууда


Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасы үчүн негизги болгон эки көйгөй бар. Алар - төрөттөн көз жумган аялдардын саны көп болуп жатканы жана ВИЧ/СПИДдин көбөйүшү. Бул тууралуу Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Ал эл аралык коомчулукту бул көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүгө чакырды.

Быйыл жарым жылда Кыргызстанда төрөт учурунда жан берген аялдар боюнча статистиканы адистер 100 миңине 43 дешти. Ал эми ВИЧти (адамдын иммундук дефицит вирусу) жуктуруп алгандардын саны 5 миңге чамалап калды. Алардын 580инде СПИД бар экени аныкталган. Миңден ашуун киши бул илдеттен каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG