Ошто жол-кайгуул кызматкерлерин "граната жардырам" деп коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, бүгүн түшкө маал Р.Абдыкадыров жана Степная көчөлөрүнүн кесилишинде терезелери караңгылатылган автоунаа токтотулган. Айдоочунун күбөлүгү жок болгондуктан жана унаанын айнектери толук караңгылатылгандыктан жол-кайгуул кызматкерлери машинаны убактылуу токтотуучу жайга алып кете турган болгон. Бирок айдоочу Ф-1 үлгүсүндөгү граната алып чыгып, «баарыңарды өлтүрөм» деп жардыруучу заттын шакекчесин тиши менен жулганга аракет кылган. Учурда ал милициянын кармоочу жайында.
Айдоочу Чүй облусунун Кемин районунун Тегирменти айылынын 25 жаштагы тургуну экени аныкталды. Окуянын чоо-жайы такталууда. (SE/RK)
Айдоочу Чүй облусунун Кемин районунун Тегирменти айылынын 25 жаштагы тургуну экени аныкталды. Окуянын чоо-жайы такталууда. (SE/RK)