Сирия тарабынан орус-америка макулдашуусунун алкагында кол коюлган химиялык курал боюнча келишимдерди аткарбоого бөгөт жок. Мындай билдирүүнү 26-сентябрда Сириянын президенти Башар Асад жасады.
Венесуэлалык Telesur телеканалына курган маегинде Асад анын өлкөсү химиялык курал боюнча келишимдерди аткарарын айтты. Алар боюнча Сирия химиялык арсеналдарын эл аралык инспекторлорго көрсөтүшү керек.
Асаддын билдиришинче, Сирия химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюмдарга керектүү маалыматтарды бере баштады.
Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору Сирияга 25-сентябрда кайтышып, өлкөдө уулуу газдын колдонулушу боюнча иликтөөсүн улантышууда. (AiK)