Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

Аксыда нааразылык акциясына чогулган эл тарап кетти


Аксынын кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район акимчилигинин алдына чогулган 150дөй киши тарап кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Аксы акиминин биринчи орун басары Жайлообек Кубатбеков билдирди. Анын айтымында, өзбек чек арачылары 20-сентябрда Аксы районуна караган Уңгар-Тоо деген жердеги Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга күтүүсүз кирип барган. 21-сентябрдан тарта ал жерде кыргыз чек арачылары да турат. Бүгүн өзбек тарапка нааразы тургундар менен жергиликтүү бийлик жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү, бул маселе мамлекеттик деңгээлде гана чечилээрин айтты. Уңгар-Тоодо "Кыргызелекомдун" ретранслятору жайгашкан. Бул жерди Кыргызстан өзүнө тийиштүү деп эсептейт. Ал эми расмий Ташкент ал аймактагы кыргызстандык антенналарды мыйзамсыз турат деген пикирде. Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун "Азаттыкка" билдиришинче, 22-сентябрда коңшулардын 15тей чек арачысы тик учак менен учуп келип, станцияда кимдер иштеп жатканын, бир нөөмөттө канча киши экенин сурап кеткен. Андан кийин ошол станциядан анча алыс эмес жерге жайгашкан.

Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаты Курманбек Осмонов Аксыда 200-300 киши чогулганын, кыргыз жана өзбек чек арачылары тирешүүгө өткөнүн жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап парламентте билдирген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG