Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Аксыда митингге чыккандар бийликке кайрылуу жасашты


Кайрылууда президент баш болгон премьер-министр, ЖК төрагасынан Уңгар-Тоо маселесин тез арада чечүү талабы коюлган. Кайрылуу ээлери 1-октябрга чейин талабы аткарылбаса, бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабы менен чыгышмакчы.

Митингдин катышуучуларынын бири Сапар Наркеевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча кайрылууга 200 ашуун киши кол койгон. Анын айтымында, жергиликтүү эл ичинде “Кыргызтелекомдун” телемунарасы турган Уңгар-Тоо аймагын бийлик жең ичинен Өзбекстанга берип ийген деген күдүк маалымат айтылууда.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов телемунара жайгашкан жер талаштуу аймакта турганын, бирок эзелтен Кыргызстанга таандык болуп келгенин “Азаттыкка” билдирип, бул боюнча өкмөттүк деңгээлде да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдаган.

Мурда кабарлангандай, өзбек чек арачылары 20-сентябрда Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга жакын жерге бекет орнотушкан. Кыргызстандык чек арачылар барып сүйлөшкөн соң, ары жылып кетишкен. 21-сентябрдан тарта ал жерди кыргыз чек арачылары кайтарууда.
Уңгар-Тоодо "Кыргызелекомдун" ретранслятору жайгашкан. Бул жерди Кыргызстан өзүнө тийиштүү деп эсептейт. Ал эми расмий Ташкент ал аймактагы кыргызстандык антенналар мыйзамсыз турат деген пикирде.(ZKo)

XS
SM
MD
LG