Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Уңгар-Тоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүү болот


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тактала элек Үңкүр-Тоо (Уңгар-Тоо) тилкеси тууралуу эки тараптын Чек ара кызмат башчылары 30-сентябрда жолугуп, сүйлөшөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык бул маселе боюнча кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын өкүлдөрү буга чейин да жолугуп, аталган тилкени биргелешип кайтаруу чечимин кабыл алышкан. Учурда тилке кыргыз жана өзбек чек арачылары тарабынан кайтарылууда.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG