Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Орусия менен АКШ Сирия маселесинде бир пикирге келишти


БУУ Коопсуздук Кеңешинин Сирия тууралуу резолюциясынын мазмуну боюнча эки мамлекет бир келишимге келишти. АКШнын Улуттар уюмундагы өкүлү Саманта Пауэр Орусия менен келишим “Сириянын химиялык куралын жок кылууга милдеттендирет" деп билдирди. Келишим Нью-Йорктун сааты менен 20:00да талкууга коюлду.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров бул резолюциянын долбоору “күч колдонууну” жактабайт деп айтты.

Резолюция 14-сентябрда Женевада болгон Орусия-АКШ сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында даярдалган. Кечээ Сириянын президенти Башар Асад орус-америка макулдашуусунун алкагында кол коюлган химиялык курал боюнча келишимдерди аткарбоого бөгөт жоктугун телеге курган маегинде билдирди.
Асад анын өлкөсү химиялык курал боюнча келишимдерди аткарарын, Сирия химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюмдарга керектүү маалыматтарды бере баштаганын да айтты.

Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору Сирияга 25-сентябрда кайтышып, өлкөдө уулуу газдын колдонулушу боюнча иликтөөсүн улантышууда.

XS
SM
MD
LG