Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Мурманск: “Арктик Санрайздын” капитаны эки айга камакка алынды


Ленин райондук соту капитан Питер Виллкокстон башка дагы бир нече экологдорду тергөө аяктагыча деп камакка алды. Кармалгандар “Гринпис” уюмунун мүчөлөрү, 18 өлкөнүн жарандары, арасында аялдар да бар. Алар өткөн жумада “Газпром” ишканасынын Арктикада мунай өндүрүшүнө каршылыгын билдирип, акция өткөрүшкөн. Алардын "Арктик Санрайз" кемесине орусиялык чек арачылар тик учактардан түшүп, кемени Мурманск портуна сүйрөтүп кетишкен. Бортто 25 киши, анын ичинде Орусиянын 4 жараны бар болчу.

Укук коргоочулар экологдорго тагылган айыптар негизсиз деп билдиришүүдө. Нидерланды кемени адамдары менен кошо бошотууну талап кылды. Орусиядагы айрым веб-сайттар кармалган фотосүрөтчү Денис Синяковго тилектештик иретинде эч кандай сүрөт жарыялабай турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG