Pussy Riot тобунун камактагы мүчөсү Надежда Толоконниковага күч колдонулганын, ал ачкачылык жарыялаган күндүн эртеси ага күчтөп суу ичирилгенин Толоконникованын жубайы Петр Верзилов билдирди. “Лента.ру” сайтынын жазышынча, Толоконникова бул түрмө жетекчилигинин атайын өч алуу аракети деп бекемдеген.
Шейшембиде “Лента.ру” сайтына Надежда Толоконникованын Мордова түрмөсүндөгү адам чыдагыс шарттар, жазалануучуларга карата түрмө жетекчилигинин жасаган адамгерчиликсиз мамилеси тууралуу ачык каты жарыяланган.
Өткөн жылы 17-августта Pussy Riot тобунун үч кызы: Надежда Толоконникова, Мария Алехина жана Екатерина Самуцевич сот тарабынан эки жылга эркинен ажыратылган.