Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Ошто майып балдар үчүн ресурстук борбор ачылды


Ошто майып балдар үчүн ресурстук борбор ачылды. Ал №18 мектептин ичинен орун алды. Ден соолугуна байланыштуу бала бакчага бара албаган балдар бул жерден мектепке даярдык алат. Былтыр ушул сыяктуу борбор Чүйдүн Лебединовка айылында ачылып, 13 бала кабыл алынган болчу. Быйыл окуйм дегендердин саны үч эсе көбөйгөнүн "Азаттыкка" Борбор Азиядагы Евразия фондунун маалымат катчысы Виталий Катаргин кабарлады. Долбоорлор ушул уюмдун колдоосу менен ишке ашууда.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 26 миң бала майып. Бирок алардын бир азы гана мектепке барат.

Ресурстук борбордо балдарга билим берүү менен катар келечекте окуй турган мектеп шартына адаптация жүргүзүлөт. Кийинки айда мындай ресурстук борбор Нарын шаарында ачылат. (RK)

XS
SM
MD
LG