Улуттук көркөм өнөр музейинде "Көчмөндүн күндөлүгү" деп аталган көргөзмө ачылды. Анда сүрөтчү Адылбек Байтерековдун живопис, графика түрүндө тартылган жана кийизден жасалган 100дөй эмгеги коюлган. Адылбек Байтереков быйыл 60 жашта. Ал Бишкектин Көркөм окуу жайында, Санкт-Петербургдун Көркөм академиясында билим алган. 1985-жылдан бери Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. (RK)